7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күнүнө карата кайрылуу жасады

291

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күнүнө карата кайрылуу жасады.

“Урматтуу ардагерлер! Кымбаттуу кыргызстандыктар!

1944-жылдын 27-январы — Ленинград шаары фашисттик аскерлердин курчоосунан толугу менен бошотулган күн!

Ленинград блокадасындагылар бүткүл дүйнө жүзүнө ченеми жок эрдикти, өлчөөсү жок чыдамкайлыкты гана көрсөтпөстөн, адамдык ар-намыстын, ариет-күчтүн эң мыкты үлгүсүн да көрсөтүшкөн. Бул окуя — жалпы совет элинин биримдигинин, ажырагыс достугунун тарыхы.

Мына ошол курчоодо калган Ленинград шаарынан Кыргызстанга 16 миңден ашуун адам, алардын ичинде 3,5 миңдей турмуштун ачуу-таттуусун биле элек бөбөктөр көчүрүлүп келген. Аларды өз балдарындай бапестеп, асырап чоңойтушкандыгы — элибиздин меймандостугун, айкөлдүгүн айгинелеп турат. Көзүнүн тирүү кезинде эле легендага айланган Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылынын тургуну Токтогон Алтыбасарова Ленинград алааматынан көчүрүлүп келген 150 балага энелик мээримин төгүп, тарбиясын бергендиги эле эмне деген каармандык. Тилекке каршы, Ленинград үчүн салгылашта 4,5 миңден ашуун кыргызстандык баатырларча курман болгон.

Ленинградды курчоодон бошотуу биздин анык баатырлардын чыныгы жеңиши, курчоодо калгандарды көчүрүп келип, кабыл алуу — анык кайрымдуулук, анык мээримдүүлүк. Улуу Ата Мекендик согуштун бир үзүмү болгон бул окуя согушка катышкандардын урпактарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Азыркы муун, кийинки муун, андан кийинкилер бул окуяны жыл сайын эскерип туруусу абзел. Мунун өзү — өсүп келе жаткан жаш муундун жан дүйнөсүн руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо болуп саналат.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө согуштун мындай азап-тозогун баштан кечирген 12 кадырлуу ардагерибиз бар.

Урматтуу ардагерлер, сиздердин жүрөгүңүздөргө бекем орногон, Ленинград шаарын фашисттик аскерлердин курчоосунан толук бошоткон ошол жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздерге, жалпы эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук, бактылуу карылык тилейм.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун! Элибизде тынчтык жана бакубатчылык болсун!”,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

292