7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Майыптуулугу бар балдардын ден соолугуна кам көрүү аркылуу өзгөчө өнөрүн колдошубуз керек

487

“Майыптуулугу бар балдардын арасында өнөрлүү, эрки күчтүү балдар арбын. Биз алардын ден соолугуна кам көрүү аркылуу өзгөчө өнөрүн жана талантын колдошубуз керек”, — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн 29-декабрда, Бишкек шаарындагы “Келечек” балдардын жаңы реабилитациялык борборунун ачылыш аземинде белгиледи.

“Урматтуу шаарлыктар, кымбаттуу мекендештер!

Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясы бизде мыйзам менен ратификацияланып, мамлекетибиз майып жарандардын билим берүү, эмгек, эс алуу жана башкаларга болгон жеткиликтүүлүгү боюнча мыйзам алдындагы бардык жоболорун ишке ашырууга умтулуп келет.

Мекендештерибиздин теңчиликке болгон укуктарын камсыздоо аракетиндебиз.

Мындай иш-чаралар “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы” сыяктуу маанилүү документтерде камтылган.

Бүгүнкү күндө майып жарандарыбызды, анын ичинде балдарды коомдук жашоого толук кандуу кошуу үчүн жаңы максаттарды, милдеттерди жана артыкчылыктарды ишке ашыруу багытындабыз!

Мынакей бүгүн биз жаркыраган имараттын – Балдардын реабилитациялык борборун ачылышында турабыз. Бул да болсо камкордук, жакшы саамалык.

Азыркы тапта республика боюнча 200 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бар. Анын ичинде 36 миңдейи – балдар. Майыптуулугу бар балдар сапаттуу билимге, саламаттыгын сактоого, социалдык жактан камсыздоого, эс алууга, спортко муктаж болушат.

Ошондуктан өзгөчө балдарыбыздын ден соолугунун оңолушу жана торолушу үчүн шарттарды түзүүбүз керек.

Бүгүнкү ачылып жаткан Реабилитациялык борбор кичинекей бейтаптардын физикалык жана психологиялык ден соолугун калыбына келтирүүгө багытталган.

Урматтуу мекендештер!

Көйгөйлөр бир четинен чечиле баштады, бул сыяктуу иш-аракеттер, албетте, улантылат.  Көйгөйлөр муну менен чечилип калды, дегенден алыспыз. Мындан башка Реабилитациялык борборлорду дагы салабыз, буйруса. Бул борбор 100 балага ылайыкталган, мындай иштер алдыда дагы улантылат.

Биз мындай балдарыбызга ар дайым колдоо көрсөтүшүбүз керек! Себеби, кайрымдуулук, мээримдүүлүк, боорукерлик сапаттары каада-салтты, нарк-насилди бекем кармап келген элибиздин кан-жанына сиңген. Ата наркы менен келаткан мындай асыл сапаттарды сактап, андан ары улап кетүүбүз абзел.

Эң башкысы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо маселесинде ар бирибиздин жан дүйнөбүз өзгөрүшү керек!

Майыптуулугу бар балдардын арасында өнөрлүү, эрки күчтүү балдар арбын. Биз алардын ден соолугуна кам көрүү аркылуу мындай балдардын өзгөчө өнөрү менен талантын колдошубуз зарыл.

Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!

Бул борбордо иштеген адистерибизге балдарыбызга өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүсүнө, келечекке умтулуу менен караган көз карашта болуусуна жетишүүсүн каалайм. Эң негизгиси балдардын жакындарынын жана айланасындагылардын колдоосун дайыма сезип турушуна кам көрөлү!

Борбордун ишине ийгиликтерди каалайм.

Реабилитациялык борбордун ачылышы менен да бир жолу сиздерди куттуктаймын!”.

Андан соң Мамлекет башчысы борбордун имаратынын ичин кыдырып, дарылоо бөлмөлөрүн, дене тарбия жана дарыгерлердин кабинеттерин көрүп чыкты, бейтаптардын ал жакта калуу шарттары жана толук жабдуулары менен таанышты.

Белгилей кетсек, 3 кабаттуу Борбордун имараты 88 орунга ылайыкталган, балдарды гана эмес, алардын ата-энелерин да кабыл ала алат. Долбоор боюнча имараттын аянты 1 756 чарчы метрди түзөт. метр, курулуш аянты 508 кв. метр. Реабилитациялык борбордун имараты шаардык электр жана суу менен камсыздалган(муздак жана ысык суу), канализация жана жылуулук тармактарына кошулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488