7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: “Мамлекет мектеп, бала бакча, оорукана инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда”

151

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты. 

Аянты 10,5 гектарга жакын аймакта билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекс түзүлдү. Анын негизги объектиси болуп 5 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген, 570 окуучуга ылайыкталган жана 20 заманбап кабинет жана өзүнчө музыкалык блок менен жабдылган эки кабаттуу жаңы мектеп саналат.

Комплексте ошондой эле аянты 1,6 миң чарчы метрден ашык, 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча, ошондой эле 40 миңге чейин жашоочуну тейлөөгө ылайыкталган аянты болжол менен 1,3 миң чарчы метр болгон үй-бүлөлүк медициналык борбор бар. 

Жакынкы аралыкта комплекстин аймагында кошумча спорттук аянтча жана воркаут зонасы курулат.

Бул аймакта социалдык объектилерди куруу Мамлекеттик резиденциянын жерлеринин бир бөлүгүн социалдык жана билим берүү муктаждыктары үчүн бөлүп берүүнү тапшырган Президенттин демилгесинин аркасында мүмкүн болду. Буга чейин Чоң-Арык айылынын тургундары билим берүү мекемелеринин жоктугу маселесин чечүүнү өтүнүп кайрылышкан.

 

152