7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти

609

Президент Садыр Жапаров «КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлык КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, президенттин иш башкармасынын жана Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөт.

Белгилей кетсек, президенттин иш башкармасы КРнын президентинин, Жогорку Кеңешинин, Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңешинин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

610