«Министрлер камалды, ошол үчүн мени «катуу лидер» деп атап жатканыңызды түшүнүп турам», — дейт Садыр Жапаров «Казинформдун» маалымат булагына берген маегинде.
Журналисттин «Биз кыргыз ЖМКларын окуйбуз, кыргыз сайттарына жана Facebook баракчаларына киребиз. Сизди катуу жетекчи деп аташат. Мындай имидждин пайда болушунун себеби эмнеде?», — деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп узатты.
«Балким, сыртынан караганда мен катуу көрүнөм, бирок жүрөгүмдө жумшак адаммын. Азыр бизде бардык тармактарда мыйзам бар. Мен министрлерге, премьер-министрге, күч түзүмдөрүнө — мыйзамдын чегинде гана иш алып баруусун айтып келем. Азыр иштеп жаткандардын жана мурда жетекчиликти аркалагандардын коррупциялык кылмыштары болсо, баары бирдей мыйзам чегинде жазаланышын талап кылам. Мен айтам: «Эгер кимдир бирөө жалган жалаа менен камакка алынса, анда жоопко тарткандар өздөрү жоопко тартылышат». Ошондуктан, азыр бизде мыйзам иштей баштады. Ошондуктан мени катуу лидер деп атап жаткандыгыңызды түшүнүп турам. Премьер-министрлер, министрлер, лидерлер жана башка жогорку кызмат адамдары камакка алынды. Бул сиздин айткыңыз келген нерсени туура түшүнөм. Коррупция биздин мамлекетте 30 жылдан терең тамырын жайды. Кыргызстанда 300гө жакын үй-бүлө байып, калгандары жакырланып кетти. Натыйжада, бизде үчүнчү революция болду. Бул биринчи себеп. Экинчи себеп — таза эмес жана акыйкатсыз шайлоо. Ошондуктан биз таза жана адилеттүү шайлоо өткөрдүк. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот.Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Референдум белгиленген. Алдыда биз мыйзамдуулук жана калыстыкты орнотобуз. Албетте анын баарын бир жылда ишке ашыра албайбыз. Ал үчүн 2-3 жыл керек», — дейт ал.