7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны

446

Садыр Жапаров кыргыз элин 13-май Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.

«Урматтуу мекендештер! Урматтуу мусулман боордоштор! Орозо айтыбыз маарек болсун!

Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, элибиздин эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдарынын бири. Бул күнү элибиз салт катары бири-биринин үйүнө каттап, даам сызып, изги бата-тилектерин айтып келишет. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары тосуп алат.

Дүйнөдөгү түзүлгөн санитардык-эпидемиологиялык кырдаал элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн бизди белгилүү чектөөлөргө кириптер кылды. Орозо айында элибиздин бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылгандыгы мамлекетибиздин келечегине болгон ишенимин бекемдейт. Бул жолку майрам дагы аргасыздыктан чектөөлөр шартында өтүүдө. Мамлекет коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө болгон күчүн үрөп жатат.

Мындан сырткары, Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар да болуп өттү.

Балким мында Жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосудур. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем.

Азыркы учурда биздин бардык үмүт, дуба-тилектерибиз ынтымак менен тынчтыктын болушуна багытталышы керек. Жараткан ар бир үйгө ден соолук, тынчтык, токчулук жана бакубат жашоо ыроолосун. Айтыңыздар маарек болсун!», — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоо сөзүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

447