7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Орозону бир гана тамакка эмес, жаман ойлорго да кармоо керек!»

947

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:

«Ассалому алейкум, урматтуу мекендештер! Сиздерди мусулмандардын көптөн күткөн берекелүү Орозо айы менен чын дилимден куттуктайм.

Орозо (Рамазан) — ислам дүйнөсүндөгү ыйык айлардын бири. Бул айда мусулмандардын ыйык китеби — Куран түшүрүлгөн. Орозо айында ар бир мусулманга орозо кармоо парз болуп саналат. Орозо кармоо мусулмандын ыйманын бекемдеп, аны тартипке жана Алла-Тааланын өкүмдөрүн так аткарууга үйрөтөт.

Орозо — ден соолукту чыңдай турган гана эмес, адамдын руханий дүйнөсүн тазарта турган мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана күнөөлөрдөн сактануунун айы, сабырдуулуктун мектеби. Себеби бир гана тамак менен суудан эмес, жаман ойлордон, ашыкча сөздөн жана суук көздөн, ушак айтуудан, жалаа жапкандан, жалган сүйлөөдөн да орозо кармоо зарыл.

Орозо айы туугандар жана жакын адамдар менен мамилени бекемдөөнүн чоң мүмкүнчүлүгүн ыроолойт. Андыктан бул күндөрү муктаждарга кайрымдуулук иштерин жасоо менен башкалардын ырыскысына себеп болуу абзел. Ошондой эле бул ай ичинде Жаратканга жалынып, аруу ой-максаттар, тилектер жана ибадаттар кабыл боло турган убакыттар катылган.

Орозо айында Жараткан ар бир үй-бүлөгө бакыт, береке, кубаныч жана ынтымак тартууласын. Ал эми Ыйык Мекенибизге тынчтыкты, туруктуулукту, токчулукту жана өнүгүүнү алып келсин. Орозоңуздар кабыл болсун!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

948