7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Абдыганы Эркебаев менен жолугушту

512

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Абдыганы Эркебаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин ассамблеясы улуттар аралык ынтымак жаатындагы маанилүү институттардын бири болуп саналат жана бул багытта Президенттин Аппараты менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле, ал учурда улуттар аралык биримдикти жана мамилелерди чыңдоого багытталган 2021-2026-жылдары Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп жатканын маалымдады.
Ошону менен бирге, Абдыганы Эркебаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга, анын ичинде имаратты оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдар Ассамблеяга керектүү колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карайт деп ишендирди.

Эске салсак, Мамлекет башчысынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы Жарлыгы менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин макамы жогорулатылып, ал өлкө Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү органга айланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

513