Марат Аманкулов мыйзамдын негизинде жооп берет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында айтты.
Анда ага журналисттер депутат Марат Аманкуловго козголгон кылмыш иши боюнча суроо берди. «Марат Аманкулов боюнча тергөө иштери жүрүп жатабы?» деп сурады журналист.
Ташиев Аманкуловго мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши козголгонун эскертти. Ошону менен катар эле Аманкулов мыйзамдын негизинде жооп бере турганын кошумчалады.
Мындан тышкары Ташиев журналисттерге чек ара тууралуу гана суроо берүүнү талап кылды.