Кыргыз-Өзбек чек ара талаш-тартыш жараткан маселеси 100 пайыз чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Бир тарап утту, экинчи тарап утулду деген сөз болбойт. Чек ара маселеси 100 пайыз чечилди. Биз тарапка мурда талаш болуп жаткан жерлер Өзбек-Кыргыз тараптын ортосунда талаш жер калган жок», — деди ал.