7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров айлыктарды көбөйтүү тууралуу билдирүү жасады

2253

Президент Садыр Жапаров бүгүн, фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасап, айлыктарды көбөйтүү багытында жасалып жаткан аракеттер тууралуу кабарлады.  Анда, биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин айлыгы көбөйүп жатканы айтылат. Ошондой эле, июльдан тарта маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүшү айтылган. Тестти өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

» Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар эле эмес, бүткүл дүйнө элдери кыйын акыбалда турганы талашсыз.
Анткени былтыртан бери “Ковид-19” оорусу каптап, дүйнө жүзүнүн дээрлик 80 пайыз мамлекетине карантин киргизилип, айрым мамлекеттерде жашоо кыймылы бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу жандандырыла элек. Тескерисинче, айрым өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилип жатат.
Албетте, ушундай абалда дүйнө жүзүндө тамак-аш эле эмес, күнүмдүк жашоого керектелүүчү товарлардын баары кымбаттады. Себеби пандемияга байланыштуу өндүрүш ишканалардын көпчүлүгү токтоп калган. Тартыштык пайда болду.
Жашоо күн өткөн сайын оорлошуп жатканын көрүп турабыз. Жеңилдетүү үчүн, биринчи кезекте, эмгек акылар, пенсия-пособиелер көтөрүлүшү керек экенин баарыбыз жакшы билебиз.
Ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз.
Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ЦСМ) кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга 1-апрелден баштап көтөрүлдү.
Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары биринчи июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт.
Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия-пособиелерди жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоо булактарды таап, көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен.
Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия-пособиелерди жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз.
Эмне үчүн биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлүп жатат деген суроо туулушу мумкун.
Биринчиден, албетте, медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлоду.
Экинчиден, өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен. Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек»-деди Президент Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2254