7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Астанага барды

509

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде, расмий сапары менен Казакстанга барды. Астананын эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

Астана шаарынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки жактуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Кыргызстандын жана Казакстандын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын айкелинин ачылыш салтанатына катышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентинин расмий сапарынын алкагында «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздор форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар өтүүдө.

510