7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга барды

269

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстан Республикасына иш сапары менен барды.

Маалым болгондой, мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конгон. Садыр Жапаровду Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы сапарынын жүрүшүндө «Борбор Азия – Россия» экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана «Борбор Азия – Россия» форматында практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.

 

270