7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат

615

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 20-21-февралда Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы Казань шаарында өтө турган «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат. Бул иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплиналар боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын жана 2000ге жакын спортчулардын жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал спорт, компьютердик (e-sports) спорт түрүндөгү спорттук мелдештер топтому өткөрүлөт.
Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компанияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин жана Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

 

616