7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Караколдун автовокзалы менен таанышты

236

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Каракол шаарында «Кыргыз Автобекети» мамлекеттик ишканасынын «Ысык-Көл автовокзалы» филиалынын башкы имаратын капиталдык оңдоо жана модернизациялоонун жыйынтыгы менен таанышты.

Буга чейин Мамлекет башчысы 2024-жылдын май айында Караколго болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 1988-жылы ишке киргизилген автовокзалды капиталдык оңдоодон өткөрүп, комплекстүү түрдө жаңылоону тапшырган.

Президентке бүгүнкү күндө «Ысык-Көл автовокзалы» суткасына 500дөн 1000ге чейин жүргүнчүгө тейлөө көрсөтө алары жана 76 каттам боюнча, анын ичинде 1 эл аралык, 16 облустар аралык, 17 облус ичиндеги шаарлар аралык, ошондой эле 42 шаар четиндеги жана райондук багыттар боюнча ташууларды камсыздай турганы тууралуу маалымдалды.

Садыр Жапаровго капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө чатыры алмаштырылганы, инженердик тармактар жаңыланганы, ички бөлмөлөр заманбап жасалгаланганы, жаңы терезелер жана эшиктер, LED-экран жана трансляциялык түйүн орнотулганы, имараттын фасады жаңыланганы, ошондой эле аймак көрктөндүрүлгөнү тууралуу маалымат берилди.

Муну менен катар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автовокзалдын аймагын асфальттоо иштерин жүргүзүүдө.

Президент Садыр Жапаров бардык иштер аяктагандан кийин Каракол автовокзалы заманбап, функционалдуу жана аймактын калкын жана конокторун тейлөөнүн жогорку стандарттарына жооп берген, ыңгайлуу транспорттук түйүн болуп калат деген үмүтүн билдирди.

237