7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

169

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү мамлекеттик маанилүү майрамыбыз – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын дилимден куттуктаймын! 33 жыл мурда Конституциябызды кабыл алып, өз тагдырыбызды аныктап, ошону менен бирге көз каранды эмес мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөп, адам укуктары менен эркиндигин жогорку баалуулуктар деп жарыялаганбыз.

Конституциябыз – эң жогорку юридикалык күчкө ээ укуктук акт. Ал – улуттук идеологиябыздын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ. Көп этностуу өлкөбүздө ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп жаткан маалда биздин Конституция өлкөбүздүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калды, себеби анда улуттун бүгүнкүсү менен эртеңки келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген. Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда Конституциябыз заман агымы менен катар агууну, ошол эле маалда улуттук кызыкчылыктарыбызды кошо алып жүрүүнү шарттайт. Ушу тапта мыйзамдын кол тийбестиги биринчи орунга коюлган демократиялык жана укуктук мамлекетти түзүп, эгемен элибиздин эрки менен кабыл алынган Конституцияны урматтоо аркылуу алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырып келебиз.

Конституциянын ар бир тамгасын жана бийик демин так кабыл алып, бекем сактоо аркылуу кийинки муундарды Баш мыйзамды, элибиздин кылымдарды карыткан бай тарыхын, нарк-насилин жана ак ниет эмгегин урматтоого тарбиялоо – сиздер менен биздин эң башкы милдетибиз. Конституциянын жоболоруна жана элибиздин кеменгерлигине таянуу менен биз көз карандысыз, коопсуз жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз деп бекем ишенем. Ар бир мекендешиме чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыз өркүндөп өсө берсин! Өнүгүүдө башкы багыт, негизги таяныч болгон Конституциябыз баарыбызга кут болсун!

Майрамыңыздар менен!

170