Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-январда, Бишкек шаарындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.


Мамлекет башчы офицерлерге, ардагерлерге жана ардактуу меймандарга кайрылып бүгүн өлкө эгемендигин, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн жана республика аймагында туруктуулукту коргоп, улуттук коопсуздукту камсыздап келаткан кызматкерлердин саламаттыгына өзгөчө кам көрүү аркылуу улуттук коопсуздук системасын чыңдоонун дагы бир маанилүү баскычына өтүп жатканын баса белгиледи.
Буга байланыштуу ал катышуучуларды бүгүнкү жакшы саамалык менен куттуктап, Аскердик-медициналык кызмат тууралуу тарыхый маалыматтарга токтолду. Мекеменин тарыхы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын тээ алгачкы жылдарына барып такалат. Өткөн кылымдын 20-жылдарында медициналык бөлүкчөлөр оор шарттарда иштеп келишкен.
Кийин 1951-жылы Улуттук коопсуздук органдарынын Аскердик-медициналык кызматы өзүнчө түптөлгөн. Анда дарылоо мекемелеринин өздүк курамын дайындоо менен штаттык бирдиктер расмий түрдө аныкталган.
“Ошондон бери Аскердик-медициналык кызмат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башка бөлүкчөлөрүндөй эле кесиптик милдет жана жоопкерчиликти ар дайым артыкчылыктуу баалуулук катары алдыга коюп, өз ишине берилүү менен иштеп келе жатат”, — деди Президент жана медициналык комплекстин курулушу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашырылганын баса белгиледи.


Жалпы аянты болжол менен 15 миң чарчы метр болгон жаңы имарат операциялык блокту, реанимация жана реабилитациялык медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу аскердик бейтапкананы камтыйт. Ошондой эле адистештирилген жана стационардык медициналык жардам көрсөтүлө турган аскердик оорукана бар. Анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары жана жалпы хирургия бөлүмдөрү да ачылган.


Мындан тышкары, медициналык комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган, санариптик медициналык технологиялар жана жогорку технологиялык хирургия киргизилген.
Садыр Жапаров мындай аракеттин баары медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, дарылануунун мөөнөтүн азайтууга жана бейтаптарды ыкчам-ыкчам реабилитациялоого багытталганын айтты.
Ал Аскердик медициналык кызмат коопсуздук комитетинин эле эмес, Чек ара жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлей турганын кошумчалады. Ошентип, алар мурда дарыланган медициналык мекемелердин жүгү жеңилдейт.
“Мамлекетибиз күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө мындан ары да өзгөчө көңүл бурууну улантат”, — деп белгиледи Президент жана Аскердик-медициналык кызматтын заман талабына ылайык жаңыланышы менен өздүк курамдын өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздоо жаатында өз милдеттерин так жана таасын аткарарына, ошондой эле чекисттерибиз менен мамлекеттик бийлик институттарына элибиздин, коомчулуктун ишеними дагы да артаарына ишеним билдирди.
Андан соң Президент Садыр Жапаров заманбап жабдуулар менен жабдылган кабинеттерди, анын ичинде магниттик-резонанстык жана компьютердик томографиялык, ультрадобуштук диагностика жана эхокардиография аппараттарын, ошондой эле палаталарды, конференц-залды, ашкананы жана спорттук залды көрүп чыкты.





