7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров жаш футболчу менен жолугушту

337

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Кыргызстан менен Палестинанын курама командаларынын жолдоштук беттеши алдында 11 жаштагы футболчу Нурсейит Абдыев жана анын апасы Рыскул Ашырапкулова менен жолугушту.

Нурсейит Абдыев Бишкекте жашайт, №60 орто мектебинде окуйт, «Дордой» клубунун балдар командасында машыгып, футбол менен активдүү алектенет, ошол эле учурда сүрөт тартууга да кызыгат.

Апасынын айтымында, Нурсейит бул жолугушууну үч жыл күткөн жана Президент менен сүйлөшүп жатканда абдан толкунданып турду.

Президент Садыр Жапаров жаш футболчуга белектерди тапшырып, окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалады.

338