7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаровго Эл аралык тынчтык сыйлыгы ыйгарылды

7

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Л.Н. Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгы менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусунда өттү.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге сыйлыкты калыстардын Төрагасы — Мамлекеттик академиялык Мариин театрынын көркөм жетекчиси жана директору, Россиянын Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын башкы директору Валерий Гергиев тапшырды.

Үч өлкөнүн лидерлери Борбордук Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон зор жеке салымдары үчүн Эл аралык сыйлыкка татышты. Мамлекет башчылары 2025-жылдын 31-мартында үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюшкан.

Сыйлыктын лауреаттары болгон Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёевдин биргелешкен аракеттери стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого, бүткүл чөлкөмдүн эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга багытталган.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул сыйлык Борбор Азияда тынчтыкты, туруктуулукту бекемдөөгө жана коопсуздукту камсыз кылууга кошкон биргелешкен салымды таануу экенине токтолду.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө аймак ишенимдин, ынак коңшулаштыктын, өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн мейкиндигине айланып бара жатканын баса белгиледи.

“Аймактагы чек ара маселелерин биротоло чечүү евразиялык коопсуздук жана жалпы геосаясий туруктуулук үчүн өтө маанилүү экени, ошондой эле биз мүчө болгон интеграциялык бирикмелердин жана чөлкөмдүк форматтардын макамын бекемдей турганы айдан ачык.

Жетишилген макулдашуулар биздин элдердин тынчтыкка, ынтымакка жана жакын коңшулаштыкка чын ыкластан умтулуусунун ачык көрүнүшү болуп калды», — деди Мамлекет башчысы жана бул умтулуу өзгөчө Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары көп жылдар бою жанаша жашап келген чек арага чектеш аймактардын тургундарынын арасында өзгөчө даана байкалганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун: “Адамзаттын келечеги маданияттар менен элдердин диалогу аркылуу гана мүмкүн”, – деген сөзүн мисал келтирди.

8