7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент шахматты өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү Жарлыгына кол койду

3

Президент Садыр Жапаров «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү, калктын бардык категориялары жана топтору үчүн шахмат менен машыгуунун массалык формаларын жайылтуу, спорттук резервди даярдоо жана кыргыз шахматчыларынын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Жарлык менен төмөнкүлөр бекитүлүүдө:

1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы;

2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;

3) Иш-чаралар планынын бюджети;

4) Улуттук программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы.

Эске сала кетсек, «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 Жарлыгы менен шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган.

4