Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган. Конституциялык мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин статусу, түзүү тартиби, уюштурулушу жана иш аракети аныкталат.
Аталган мыйзамда, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, ушул конституциялык мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган компетенциясы менен, Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин укук улантуучусу болору каралган.
Белгилей кетсек, мыйзам менен үчтөн экисинен аз эмеси судьялардын эсебинен куралган Кеңештин курамынын саны өзгөрдү (12 мүчөсүнүн ордуна 9). Анын үчтөн бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт.