7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент сот реформасын ишке киргизүүдө Жогорку Кеңештин ролу чоң болоорун эскертти

742

Президент Садыр Жапаров алдыдагы сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча реформаларды ишке ашырууда Жогорку Кеңеш чоң роль ойноорун белгиледи. Бул тууралуу пикирин бүгүн, 7-июнда, Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында айтты.

Өлкө башчысы ошону менен бирге жаңы Конституциянын сот системасын жөнгө салуучу нормаларын ишке ашыруу максатында жакын арада соттук реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин сунуш кыларын айтты.

Мындан улам ал ушул мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылды.

«Бул сот органдарынын структуралык өзгөртүүлөрүн тездетүү, сот өндүрүшүнүн эффективдүүлүгүн күчөтүү, Сот адилеттиги боюнча жаңы кеңешти, Судьялар кеңешин түзүү үчүн зарыл!«, -дейт Президент Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

743