7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент “Стандартташтыруу жөнүндө” мыйзамга кол койду

335

Президент Садыр Жапаров “Стандартташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жана милдеттери стандартташтыруу чөйрөсүнүн укуктук негизин оптималдаштыруу, стандартташтыруунун улуттук системасын эл аралык практика менен шайкеш келтирүү, продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөктөшүү, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү болуп саналат.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– стандарттарды колдонуунун ыктыярдуулук принциптери, улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун ачыктыгы, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу жана стандарттарды иштеп чыгууда консенсуска жетишүү, улуттук стандарттарды эл аралык жана региондук стандарттарга ылайык шайкеш келтирүү ж.б.;

– улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программаларына ылайык жана (же) консенсустун негизинде стандартташтыруунун улуттук системасынын субъекттери тарабынан демилге тартибинде улуттук стандарттарды иштеп чыгууга тиешелүү жоболор;

– стандартташтыруу боюнча документтерди каттоонун түрлөрү – бул милдеттүү жана эсептик каттоо;

– стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу шарттары.

Мыйзам ошондой эле стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын функцияларын тактайт.

336