7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды

607

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Бишкектеги тез жардам  балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык иш-чара учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип жабыркаган балдардан кабар алды.

Эске салсак, аталган окуяда жабыркаган балдардын абалы оор деп эсептелген оноо кечээ, 3-майда, атайын борт менен Бишкекке жеткирилген.

Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен баарлашты. Балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаров балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүдө болгон окуяны терең өкүнүү менен белгилеп, массалык иш-чарадагы коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи.

 

 

608