7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Төңкөрүш жасайбыз» деп план түзүп атышса башынан сыламак беле?

528

Президент Садыр Жапаровдун «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинен.

Камактагы аялдардын энелери, тарапташтары сиздин атыңызга: “Айкөлдүк кылып чыгарып койсоңуз” деп ачык кайрылуу кылып атышат. Буга кандай комментарий бересиз? Чындап эле айкөлдүк кылып чыгарып койсоңуз болобу?

«Биринчиден, мага кайрылаардан мурда ошол камалып калган жакындарына кайрылыш керек болчу. Эки жылдан бери ооздоруна «ак ит кирип, кара ит чыгып» жатат. Мен үндөбөдүм. Көңүл да бурбадым. Теңелбейин дедим. Же эки жыл ичинде менин бир жолу каяша айтканымды уктуңарбы? Жок. Мындан ары да көңүл бурбайм.

Азыр мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу: «Ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!» деп тыйып коюшпайбы. Кеч боло электе ошол аялдарга, кыздарга акыл үйрөтүшпөйт беле.

Экинчиден, ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да. «Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге жүктөп кел» деп план түздүргөн жокмун. «Элди портерлерге жүктөп келгиле» дегидей эл ким аларга? Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Кимдин ким экенин, ким кандай иштеп жатканын эң сонун билишет.

Экинчиден, аларды мен камаган жокмун. Күч органдарынын ар биринин мыйзам алдында, мамлекет алдында өз милдеттери бар. Ички жана тышкы коопсуздукка жооп беришет. Эгер милдеттерин так аткара албай, алдын албай, кечигип калышса, баары жооп беришет. Ошондуктан күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. «Төңкөрүш жасайбыз» деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине «чыгарып кой» деп буйрук бере албайм. Мыйзамдар иштейт. Мындан ары мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Качанкыга чейин кичине бир нерсе болсо эле президент күнөөлүү деп жатып калабыз. Мен кийлигишпеген үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. «Соттордун ишине кийлигишпегиле» деп эч кимди кийлигиштирбей жатам»,- деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529