7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент төрагалык кылган Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекиди

560

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулук менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча, Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты болуп коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу саналат.

Кеңештин жеке курамын Президент Кеңештин башкы катчысынын сунушу боюнча бекитет. Аталган Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561