Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-сентябрда, Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу жана алгылыктуу маселелери боюнча пикир алмашып, кыргыз-түрк бизнес-форумун талкуулашты.
Мамлекет башчысы, кыргыз тарап стратегиялык мүнөзгө ээ болгон эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга кызыктар экенин белгиледи. Өз кезегинде, Фуат Октай үстүбүздөгү жылдын 8 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн оң динамикасы байкалганын, тараптар аны акырындык менен жылына 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү ниетинде экенин белгиледи.
Түркия вице-президенти саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика, кен пайдалануу жана эки тарапка кызыкчылык туурдурган башка тармактарда биргелешкен кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.