7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Учурда 80 миң 245 ипотекалык батир курулуп жатат

131

Учурда өлкө боюнча 80 245 ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн «Мурас» турак жай комплексиндеги батирлерди жарандарга тапшыруу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жыл соңуна чейин Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусундагы Кочкор, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашуун батир курулуп, жарандарга берилет.

“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкы максаты турак жайга муктаж болгон жарандарыбызды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу экенин дагы бир жолу баса белгилейм. Ошону менен бирге, акыркы убактарда коомчулукта ипотекалык батирлердин баасы жөнүндө айтылып жаткан сын-пикирлерге дагы токтоло кетейин. Биз эң оболу алыскы келечекти терең талдап, иш алып баруудабыз”, — деди Садыр Жапаров.

132