7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Японияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

170

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды, ошондой эле Япониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Биринчи айым Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эркинбек Осоев;

— Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров;

— Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов;

— Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;

— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— финансы министри Алмаз Бакетаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— юстиция министри Аяз Баетов.

171