7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Япониянын императору Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту

633

Президент Садыр Жапаров бүгүн Япониянын борбор шаарына болгон расмий сапарынын алкагында император Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту.

Император жана императрица Кыргызстандын президенти жана биринчи айымы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары кыргыз-япон эки тараптуу мамилелеринин бүтүндөй комплексине оң таасирин тийгизет деген үмүтүн билдиришти.

Президент алардын меймандостугуна ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн өзүнүн бай тарыхый салты жана байыркы маданияты менен достук мамиледеги өлкө экендигин белгиледи. Садыр Жапаров императорго терең урмат-сыйын билдирип, «РЭЙВА» жаңы доорунда түбөлүк гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

Андан кийин президент Садыр Жапаровдун жана анын жубайы Айгүл Жапарованын урматына император Нарухито менен императрица Масаконун атынан кабыл алуу болду.

634