7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Ысык-Көлдө жаңы «Айкөл» балдар ден соолугун чыңдоо борборун ачты

780

Президент Ысык-Көлдө жаңы «Айкөл» балдар ден соолугун чыңдоо борборун ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу жаңы «Айкөл» балдар ден соолугун чыңдоо борборун ачты. Буга чейин мекеме «Спутник» деп аталып келген.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Ата Мекен алдындагы ыйык милдетин кынтыксыз аткарууда, мамлекетти ички жана тышкы коркунучтардан коргоодо бекем туруп, чын ниети менен кызмат кылып келишүүдө.

Президент чекисттер убактысынын көп бөлүгүн улуттук коопсуздук маселелерине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого арнап, үй-бүлөсү жана достору менен эс алуудан четте калып жатканын баса белгиледи. Ошол себептен мамлекет жетекчилиги алардын натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүүгө бардык аракетин жумшашы керек. Учурда коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн жаңы турак жайларды, кызматтык имараттарды салуу иштери уланууда, мындан сырткары, алардын социалдык абалын жакшыртуу жаатында дагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Садыр Жапаров буга чейин «Айкөл» ден соолукту чыңдоо борборундагы шарттарды жакшыртуу бюджеттин тартыштыгынан улам ишке ашпай келгенин белгиледи. 1960-жылдары курулган имараттын эскилиги жетип, өткөн жылы балдар лагеринин 4 имараты эксплуатациялоого жараксыз деп табылган.

Мамлекет башчысы 2022-жылдын август айында тиешелүү инфратүзүмү бар 240 орундуу балдар лагерин куруу тапшырмасы берилгенин эске салды.

Бардык объектилерде эмеректер коюлуп, жабдуулар орнотулган, ал эми борбордун аймагы жашылдандырылган.

Мамлекет башчысы жаңы объектилерди курууда жогорку стандарттар сакталып, заманбап курулуш материалдары колдонулуп, суу жана канализация түйүндөрү жаңыртылгандыгын баса белгиледи.

“Мамлекеттин кызыкчылыгына убактысын, ден соолугун, жаштыгын арнаган эр-азаматтарыбызды мамлекет көңүл сыртында калтырбайт. Улут коопсуздугу үчүн күрөшкөн мындай эр-азаматтарыбыздын балдарына тиешелүү кам көрсөк, алар дагы улут камын ойлогон мекенчил уул-кыздардан болуп чоңоюшат деп ишенем”, — деп Садыр Жапаров баса белгиледи жана дагы бир жолу жакшы саамалык менен чогулгандарды куттуктап өттү.

Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлерине кайрылып, жаш муундагы чекисттердин колуна кол, бутуна бут болуп, акылына акыл кошуп, улуттук коопсуздукту чыңдоого салымдарын кошууну улантууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

781