7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент юристтерди куттуктап, ийгиликтерди каалады

703

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, өлкөнүн юристтерин Юристтер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу юристтер жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул майрам жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттин укуктук негиздерин чыңдоо үчүн жоопкерчиликтүү ишке өзүн арнаган бардык адамдарды бириктирет.

Сиздердин эмгегиңиздер биздин жашообуздун бардык тармактарында жогорку деңгээлде талап кылынат. Бүгүнкү күндө экономиканы, мамлекеттик аппараттын, ишканалардын, бизнестин ишин, социалдык чөйрөнү укуктук колдоосуз жана коштоосуз элестетүү мүмкүн эмес.

Моралдык, адеп-ахлактык баалуулуктарга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык кепилдиктерине таянып, биз адилеттүү мамлекетти курууга умтулабыз. Сиздер, юристтер, адилеттүүлүккө кызмат кылуунун татаал жолун тандап алдыңыздар жана сиздер үчүн адилеттүүлүк кесиптик иштин негизги багыты болууга тийиш. Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер, тажрыйбаңыздар, коюлган максатты аткарууга умтулганыңыздар – мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуунун ишенимдүү кепилдиги.

Сиздердеги жогорку кесипкөйлүк, активдүү жарандык позиция, кынтыксыз аброй мамлекетибизде жана коомубузда туруктуулукту жана укук тартибин чыңдоонун кепилдиги болот деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук жана бакубатчылык, биздин Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн ары түйшүктүү, ары жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!»,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

704