Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 15-мартында кабыл алынган.
Бул мыйзам 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
Бул макулдашууну ратификациялоо КРнын аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автомобиль паркын жаңылоого, 2000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө, автотранспорт каражаттары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө түрткү берип, аны менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына оң таасирин тийгизет.