7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Өзгөн тарых комплексин ЮНЕСКОго киргизүүнү министрликке тапшырды

1056

Президент Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Өзгөн» тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүүнү тапшырды.

Эске салсак, өлкө башчысы кечээ, 17-сентябрь Өзгөн шаарында  Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналган «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалына катышкан.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттыр, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери жана чет элдик меймандар: Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы өкүлү, кластердик бюронун директору Криста Пикат катышты.

Иш-чара Кыргызстандын бардык облустарынан этно-фестивальга катышуу үчүн келген манасы жана төкмө акындарды сыйлоо аземи менен аяктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1057