Акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйүп жаткандыгынын негизинде, бүгүн, 14-июнь Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.
Өлкө башчысы адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.