Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, салтанаттуу жагдайда Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясын ачты. Расмий аземге испаниялык “Барселона” футбол клубунун Президенти Жоан Лапорта жана бул клубдун өкүлдөрү да катышты. Мамлекет башчысынын сөзү: “Футбол – бул миллиондогон адамдардын жүрөгүн толкутуп, кайталангыс эмоцияларды тартуулаган кызыктуу оюн. Мына ошондуктан дүйнө жүзүндө номер биринчи спорт болуп эсептелет. Дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда дагы футболдун абырою абдан жогору, күйөрмандары жүз миңдеп саналат. Азыр биз өлкөбүздүн ошол жүз миңдеген күйөрмандарына, жалпы эле кыргызстандыктарга жакшы саамалык тартуулоонун астында турабыз. “Барселона” футбол клубунун Борбор Азиядагы тунгуч академиясынын салтанаттуу ачылышы менен жалпыңыздарды чын дилимден куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Акыркы жылдардагы футболчуларыбыздын жетишкендиктери бизди сүйүндүрүп, көз жоосун алган оюндарды көрсөткөн Улуттук курама командабыздын жеңиштери кубандырып келет. Ага бир мисал, Кыргыз Республикасы, кыргыз футболу үчүн 2019-жылкы Азия кубогу тарыхый окуя болуп калды. Анда биздин “Ак шумкарлар” кыргыз жигиттеринин өжөрлүгүн жана эрки күчтүүлүгүн бүткүл дүйнөгө даңазалап, керемет оюн тартуулашкан. Ошону менен бирге, курама командабыз мыктылыгын дагы бир ирет далилдеп, келе жаткан Азия биринчилигине жолдомо алышкан. Спорттогу жеңиштер, ийгиликтер дайыма өлкөдөгү биримдиктин, ынтымактын жана өнүгүүнүн көрсөткүчү болуп келген. Андыктан, мамлекет мындай зор жетишкендиктерди жерге калтырбай, спорттун бул түрүн колдоого алды. Азыркы күндө өлкөбүздө футболдун өнүгүшү жаңы динамикалык нукка түштү деп айтаар элем. Ал эми бүгүн болсо биз ата мекендик футболду өнүктүрүүгө дагы бир чоң кадам шилтедик. Өзүңүздөр көргөндөй жаркыраган, заманбап, эл аралык талаптарга дал келген, дүйнөлүк футбол айдыңында алдыңкы орунда турган клубдун академиясын ачып, кубанып турабыз. “Барселона” клубунун академиясынын курулушу Кыргыз Республикасында гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиядагы эң масштабдуу футболдук инфратүзүмдүк долбоордун бири болду десем жаңылышпаймын. Өлкөбүздүн аймактарынан футбол дегенде ичкен ашын жерге койгон таланттуу спортчулар көп чыгат. Алар талбай машыгып олтуруп, улуттук курама команданын жана ата мекендик футбол клубдарын чыңдап келет. Өзгөчө өлкөбүздүн түштүк аймактарынан чыккан Надыр Паязов, Владимир Мельниченко, Нематжан Закиров, Асылбек Момунов, Владимир Власичев жана башка көптөгөн мыкты футболчулардын аттары республикага кеңири белгилүү. Бүгүн тасмасы кесилип, салтанаттуу ачылып жаткан академиянын жардамы аркылуу мыкты оюнчулар менен машыктыруучулардын саны дагы артат деп ойлойм.
Президент Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” футбол академиясын ачты
