7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Жапаров Нурсултан Назарбаевди телефон аркылуу куттуктады

672

Президент Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчысы туңгуч Президентти туулган күнү жана Казакстандын борбор шаарынын күнү менен жылуу куттуктап, Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак коңшулук мамилелерди орнотууга жана бекемдөөгө кошкон жеке салымын өзгөчө белгиледи»,- деп берилет маалыматта.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге чың ден-соолук жана узун өмүр, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

673