Бүгүн, 6-июлда президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Равшанбек Сабиров туристтик жана инвестициялык кудурети жогору аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна «Асман» деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоору жарыяланды.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонуп, 4 миң гектар жерге курулат. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болот.
“Аталган долбоорду ар тараптан талдап, керектүү изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Министрлик-мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди”,-деп айтылат маалыматта.
Учурда шаар көлдүн кайсы районуна куралары, каражат кайдан алынары дагы азырынча белгисиз.