Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда жаратылыштагы видеосу менен бөлүшүп, аяр мамиле жасоого чакырды.
“Урматтуу мекендештер! Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу.
Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы.
Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры”,-деди ал.