7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

591

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда, жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы — Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу жеңил өнөр тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Жеңил өнөр жай тармагы – өлкө экономикасынын ажырагыс бөлүгү, жалпы эле өнөр жай тармагынын өнүгүшүн шарттоочу маанилүү тармак.

Бизде жеңил өнөр жай өзгөчө көңүл бурууга толугу менен арзыйт. Себеби ал салттуу жана заманбап технологияны бириктирип, экспортко багытталган сапаттуу жана функционалдык өнүмдөрдү жаратып, өз чөйрөсүндө аброй таап келатканы баарыбызга жакшы маалым. Бүгүнкү күндө “Кыргызстанда жасалган” аттуу бренд Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттерде таанымал экенин сыймыктануу менен белгилейм. Европа Бирлигинин рынокторуна чыгуу боюнча дагы бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Ушул сыяктуу тынымсыз жүрүп жаткан сиздердин ишиңиздердин аркасында өлкөбүз бул чөлкөмгө кеңири таанылып, позитивдүү имидж калыптанууда.

Учурда бул тармакта алектенген ишканалар заманбап жабдуулар менен жаңы өндүрүш технологияларын колдонуп келет. Мезгил талабына, мода тенденцияларына жана экспорттук рыноктун керектөөлөрүнө заматта жооп берип келесиздер. Сиздердин мындай талбаган иш-аракетиңиздердин аркасында бир катар чектеш тармактар: соода, кездемелер менен фурнитураларды даярдоо жана сатуу, жабдууларды оңдоо, билим берүү системасы, транспорттук логистика өнүгүүдө. Жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнүн натыйжасында жүз миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болуп, Кыргызстан элинин бакубат жашоосуна шарттар жаралууда.

Урматтуу жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздердин заман агымы менен тең аккан, чарчап-чаалыкпаган мээнетиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Кесипкөй жана чыгармачыл мамилеңиздер өлкөбүздүн жеңил өнөр жайынын ийгиликтеринин негизи болууда.

Мындан ары дагы жаңы-жаңы бийиктиктерди багынтууга умтула бериңиздер.

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалайм.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар кут болсун!”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592