Бүгүн, 21-декабрда, Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары: Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия төмөнкү документтерге кол коюшту:
- “Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө-мамлекеттери менен бир тарабынан жана экинчи тарабынан Өзбекстан Республикасынын ортосунда Евразия экономикалык бирлигинин жана Өзбекстан Республикасынын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу келишим түзүү боюнча Өзбекстан Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө” чечим»;
- “Евразия экономикалык бирлигинин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө” чечим;
- “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин 2026-2027-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө” чечим;
- “2015-жылдын 8-майындагы № 13 Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечимин ишке ашыруу жөнүндө” тескеме;
- “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “Импорттук бажы, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммаларын которуу тартиби жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” чечим;
- “Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү ыкмалары жана Евразия экономикалык бирлигинин жалпы финансы рыногун калыптандыруу жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” тескеме;
- «Курулуш тармагындагы долбоорлорду жетектөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын бекитүү жөнүндө» чечими;
- «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында туризмди өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» чечими;
- “Евразия экономикалык бирлигинин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында продукцияга карата милдеттүү талаптарды, ошондой эле милдеттүү шайкештикти баалоону жүргүзүүнүн эрежелерин жана жол-жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө боюнча, аталган чөйрөдө окшош (салыштырмалуу) жөнгө салууну камсыз кылуу максатында, жалпы принциптерди жана ыкмаларды аныктоо жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” чечим;
- «Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү талаптарды жана жол-жоболорду бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоонун жалпы принциптери жана ыкмалары жөнүндө» Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө» чечим;
- “Евразия экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө» чечими;
- «Евразия экономикалык бирлигинин органдарындагы төрагалык жөнүндө» чечим;
- «Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» тескеме;
- «Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун Төрагасынын кадр маселелери боюнча ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө» тескеме.



