Россияда абакта жаткан Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитов бошотулду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Белгилей кетсек, Эсен Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну. 2020-жылы май айында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр учурунда үйү өрттөлгөн.
Эске салсак, ушул жылдын март айында Эсен Мажитовдун уулу Адил президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасаган. Тажикстан менен чектешкен жерде, чек арадан эки метр алыстыкта жашаган бала мындан ары ал жерде жашоо коркунучтуу болуп калганын айтып, президенттен маселени чечүүнү өтүнгөн.
Май айында Ассоль Молдокматова 12 жаштагы Адилди президент Садыр Жапаров менен жолугуштурган. Анда Жапаров Орусияда кармалган баланын атасы Эсен Мажитовдун маселесин чечүүнү убада кылган.