Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
Алдын ала тизмеге өлкө боюнча 4 467 040 шайлоочу киргизилди. Тизме 18-ноябрга чейин 2492 шайлоо участкасында илинет. Жарандар өздөрүн тизмеден 2027-жылдын 12-январына чейин tizme.gov.kg сайтынан, шайлоо участкасынан же 1255 жана 119 номерлери аркылуу текшере алышат. Ката же так эместиктер аныкталса, сайттагы “Шайлоочунун кабинети” аркылуу арыз берүүгө болот.
Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот.



