7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин күрөөгө коюлган акчалары кайтарылды

670

 

Шайлоочулардын добушунун кеминде 1 пайызын алган президенттикке талапкерлердин күрөөгө коюлган акчалары кайтарылып берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7 миллион сом, шайлоо бүткөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, төмөнкү талапкерлерге кайтарылып берилген: 

  • Садыр Жапаров;
  • Мыктыбек Арстанбек;
  • Клара Сооронкулова;
  • Имамидин Ташов;
  • Абдил Сегизбаев;
  • Адахан Мадумаров;
  • Бабур Тольбаев.;

Добуштардын 1 пайыздан азын алган башка талапкерлердин жана шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткан талапкердин шайлоо күрөөсүнүн калган суммасы 11 миллион сом республикалык бюджеттин кирешесине которулган.

БШК талапкер катары каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу эки талапкерге жана анын шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу дагы бир талапкерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берген.

Президенттикке талапкерлер кезексиз шайлоого катышып, БШКнын депозиттик эсебине 1 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгүшкөн. Буга ылайык, БШК президенттин кызмат ордуна талапкерлердин жыйырма биринен 21 миллион сом чогулткан.

 

 

671