7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Администрациясы прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуш киргизди

482

Президенттин Администрациясы прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуш киргизди.

Коомчулукта чоң резонанс жараткан Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлеринен аталган облустун укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан өзүнө жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча прокуратура органдарынын айрым жетекчилери тарабынан мыйзам талаптарын бузуу жана тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларына талаптагыдай эмес көзөмөлдүк кылуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу, жол берилген мыйзам бузуулар, көзөмөлдүн жоктугу жана тергөөнүн жүрүшүнө талапка жооп бербеген көзөмөл кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы төмөнкүлөрдү ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди:

— Башкы прокурордун биринчи орун басары А.Молдокматов;

— Жалал-Абад облусунун прокурору А.Киязов;

— Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары З.Тойчубаев;

— Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору Б.Сыдыгалиев;

— Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары Т.Кенжебаев.

Өлкөнүн жогорку жетекчилиги жер-жерлерде мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө дайым мониторинг жүргүзүп турат, мыйзам бузуулар табылып жана күнөөлүү адамдарга карата жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган учурда мындан ары да катаал чаралар көрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

483