7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Администрациясы түзүлдү. Жаңы дайындоолор

1803

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде Президент менен Өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле, Мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

  •  Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Сатыев Медербек Асанбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Зулпиев Бектур Рысбаевич — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1804