Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыктарга ылайык:
— Укушов Мурат Каниметович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
— Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
— Кожоналиев Кубатбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
— Исанов Алмаз Насирдинович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.