7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Администрациясында мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

302

Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы-президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тарабынан аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда эрдик, туруктуулук жана каармандык көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогондугу үчүн чек ара аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

Андан соң төрага өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Өз ишине берилгендик жана жоопкерчилик менен ийгиликтерге жетишкен ар кыл кесиптердин жана тармактардын өкүлдөрү белгиленди.

«Ар бириңиздер өз эмгегиңиздер, эрдигиңиздер жана өлкөгө берилгендигиңиздер менен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Биз сиздердин жетишкендиктериңиздер менен сыймыктанабыз, кесипкөйлүк жана жан үрөп эмгектенгеңиздер үчүн ыраазыбыз. Бул сыйлыктар — мамлекет жана эл тарабынан ыраазычылык белгиси», — деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

303