7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин администрациясындагы сектор башчы 36 жашында каза тапты

155

Президентинин администрациясынын канцеляриясынын регламент жана жыйын уюштуруу секторунун башчысы Сокинов Бактияр Муктарович 36 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы некролог жарыялады.

Сокинов 1989-жылы 5-июлда Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.

2012-2016-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бажы иштери, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча эки жогорку билимге ээ болгон.

Сокинов Президенттин администрациясындагы 6 жылдык эмгек жолунда референт, эксперт жана 2025-жылдын март айынан бери сектор башчысы болуп иштеп жаткан. Ошондой эле өкмөттүн аппарат жетекчисинин жардамчысы да болгон. Ага чейин «Түндүк» темир жол бажысында оператор кызматында иштеген.

Ага мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси чини ыйгарылган. Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш жарыяланып, бир катар мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун сыйлыктары берилген.

156