7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин администрациясынын ишинин маселелери боюнча жарлыктарга өзгөртүү кирди

364

Өлкө башчы Садыр Жапаров «КР президентинин администрациясынын ишинин маселелери боюнча КР президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

КР президентинин администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, КР Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1.КР президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “КР Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген КР мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

– I бөлүмдүн 1-главасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү”.

2.КР президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “КР президентинин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3.КР президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 “КР президентинин администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1).жогоруда аталган жарлык менен бекитилген КР президентинин администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген КР президентинин администрациясынын штаттык санына ушул жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

4.Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1).КР президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 160 “КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө” жарлыгы;

2).КР президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 50 “КР президентинин администрациясынын ишинин маселелери боюнча КР президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жарлыгынын 2-пунктунун 1-пунктчасы.

365